Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Заманыбыздын залкар манасчысы

29 Май 2014
2014-жылдын 23-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө кытайлык манасчы Жусуп Мамайга арналган “Заманыбыздын залкар манасчысы” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана жаңы китептеринин бет ачары өткөрүлдү.
Китеп-сүрөт көргөзмөнү Улуттук китепкананын директору, профессор Жылдыз Кемеловна Бакашова кириш сөз менен ачты. Ал Жусуп Мамайдын манасчылык өнөрүнө кеңири токтолду.
Бул көргөзмөгө мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимпоздор, манастаануучулар, изилдөөчүлөр, студенттер, Кытай Эл Республикасынан 40дан ашык манасчылар, окумуштуулар, манас изилдөөчүлөр жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
Манасчы Сапарбек Касмамбетов, “Манастаануу” институтунун директору Т. Тургуналиев, Тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин, Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов, Тил жана котормо” журналынын редактору Өмүрбай Макелек, Филология факультетинин деканы Б. А. Байсабаевдер сөз сүйлөшүп төмөнкүлөргө токтолушту. Кыргыз эли үчүн кылган эмгегин баалашып, улуу Манас Атанын ысымын жүрөгүнө чын сактап элине үлгү болуп жашап келе жаткан Жусуп Мамайдын манасчылык өнөрүн терең баалашты. “Манастын”8 урпагынын окуяларын камтыган 18 томдугу ушул доордун тирүү Гомери Жусуп Мамайдын варианты боюнча басмадан китеп болуп басылып чыккандыгын айтышты. Алар: Манаска, Семетейге, Сейтекке, Кененимге, Сейитке, Асылбача-Бекбачага, Сомбилекке, Чегетейге 8 урпакка арналган аңыздар.
Манасчы “Манас” эпопеясын жазып берүү менен гана чектелип калбастан, “Курманбек”,”Эр Төштүк”, “Багыш”, “Толтой”, “Тутан”, “Жаңыл Мырза”, “Көбөк”, “Мамаке Шопок” сыяктуу кичи эпосторду да жараткандыгын айтып өтүштү.
Жусуп Мамай “Жуңго” оозеки адабият-көркөм өнөрүнүн көрүнүктүү мураскери”, “Манаска улуу салым кошуучу” деген Ардак наамдарынын ээси. “Манас” эпосун жайылтууга кошкон салымы үчүн ага Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы берилген, I-даражадагы Манас ордени менен сыйланган.
Кытай Эл Республикасынан келген коноктор Жуңго кыргыздары Улуттук китепканага китептерди, журналдарды белекке беришти. Китеп-сүрөт көргөзмөсүнө Жусуп Мамайдын варианты боюнча “Манас” эпосу китептери, газеталык макалалар, сүрөттөрү, журналдар шкафтарга жайгаштырылды. Китеп-сүрөт катышуучулар тарабынан кызуу талкууга алынып, өз максатына жетти.