Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Ж. Ж. Иманкулованын 80 жылдык маарекесине арналган “Өрнөктүү өмүр” атту салтанаттуу жолугушуусу

Ж. Ж. Иманкулованын 80 жылдык маарекесине арналган “Өрнөктүү өмүр” атту салтанаттуу жолугушуусу
26 Авг 2024

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын А. Осмонов атындагы Улуттук китепканасында 2024-жылдын 27-августунда саат 11:00дө Кыргыз Республикасынын “Маданияттын мыкты кызматкери”, “Көркөм өнөр жана искусство” фондунун төш белгилеринин ээси Иманкулова Жылдыз Жумабаевнанын 80 жылдык маарекесине арналган “Өрнөктүү өмүр” аттуу кесиптештери менен салтанаттуу жолугушуусу болот.

Иманкулова Жылдыз Жумабаевна 1944-жылы 24-августта жарык дүйнөгө келген. 1963-1968ж.ж.  Кыргыз Мамлекеттик Университетинин филология факультетинин китепкана таануу жана библиография адистигин аяктаган. 1968-1974ж.ж. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Н.Г. Чернышевский атындагы китепканасында китепканачы жана бөлүм башчысы болуп иштеген. 1975-1981ж.ж. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Н.Г.Чернышевский атындагы китепкананын жетекчиси, 1984-1987ж.ж. Кыргыз Республикасынын В.И.Ленин атындагы китепканада директорлук кызматты аркалаган, 2009-2010-жылга чейин Кыргыз Мамлекеттик Медицина Академиясынын илимий китепканасын жетектеген. Азыркы учурда ардактуу эс алууда.

Маараке Жылдыз Жумабаевнанын ишмердүүлүгүнө жана басып өткөн жолуна арналат.