Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Жаңы китептин бет ачары: «Биздин асман, биздин асман, биздин үй»

Жаңы китептин бет ачары: «Биздин асман, биздин асман, биздин үй»
18 Апр 2025

18-апрелде Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Абай атындагы Кыргыз-Казак маданий борборунда КР ЖА ардагери, «Ардактуу авиатор», Советтер Союзунун эки жолку Баатыры Талгат Бегельдинов атындагы эл аралык фонддун төрайымы, Аялдар конгрессинин мүчөсү Бошумова Тлеухор Изембековнанын калемине таандык, «Кыргызстандын жарандык авиациясынын даңктуу уулдары менен кыздарына» деген аталыштагы, ошондой эле У.Э. Курмановдун авторлугу жана жетекчилиги астында Т.И. Бошумова, Г.М. Эрмексариева, Н.А. Абыкаева, В.А.Качкимбаева менен биргеликте түзүлгөн «Биздин асман, биздин асман, биздин үй» деген аталыштагы китептердин бет ачары болду.

Иш-чарага И. Абдраимов атындагы кыргыз авиациялык институтунун мугалимдери, студенттери, жазуучулар, мамлекеттик органдардан, ошондой эле Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинен, Кыргызстандагы казак диаспорасынан өкүлдөр келип катышты.

Куттуктоо сөзүн Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Министр-кеңешчиси Ханалиев Жасулан Рахимбаевич айтып, тарыхый эстутумду сактоо жана Кыргызстан менен Казакстандын элдеринин ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Басылма өмүрүн асманга, авиацияга арнап, кесипкөйлүктүн, берилгендиктин жана мекенчилдиктин үлгүсүнө айланган Тлеухор Бошумованын өмүр баянын камтыйт.

Белгилей кетсек, Бошумова Тлеухор Изембековна Кыргызстандын Жарандык авиациясынын тарыхында чоң тамгалар менен айтыла турган айым. Ал КР ЖА алгачкы диктор болгон жана Кыргызстандын алгачкы улуттук узатуучу-стюардессасы. Ошондой эле самолётто кыргызча учурашуу эрежесин дагы биринчи киргизген жана авиациялык музейдин түзүлүшүнө түрткү болгон.