Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Жалтанбас сынчы, кайраттуу калемгер

19 Май 2016
2016-жылдын 13-майында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында белгилүү чыгармачыл инсан Камбаралы Бобуловдун 80 жылдыгына байланыштуу «Жалтанбас сынчы, кайраттуу калемгер » аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү.
Көргөзмөнүн ачылышына Жогорку Кеңештин депутаты З. Жамалдинов, , Маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси М. Самыйкожо, кыргыз эл жазуучусу А.Жакшылыков, К. Жусупов, К.Ашымбаев, С. Жетимишов, И. Гилязетдинов, К. Бобулова, акын-жазуучулар, маданият кызматкерлери, студенттер, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
Бул иш чараны Улуттук китепкана директору Ж. Бакашова кириш сөз менен ачты. Ал төмөнкүлөргө токтолду.
Кыргыз адабиятына жигердүү эмгек кылган, кыргыз элине чыгармаларын мурас кылып калтырган, эң орчундуу, эң маанилүү маселелерди козгоп сынчы катары кашкөйлүгү, жалтанбастыгы менен таанылган инсан деп баса белгиледи.
Сөз Жогорку Кеңештин депутаты З.Жамалдиновго, кыргыз эл жазуучусу А.Жакшылыков, С Жетимишов, К.Ашымбаев, И.Гилязетдинов, карындашы К.Бобуловаларга берилип, алар К. Бобуловдун чыгармачылыгына кеңири токтолушуп, асылдан бүткөн ак эмгек адамды кайра жаратып, эмгектери кыргыз адабиятында түбөлүктүү сакталып кала берет дешти. Анын аңгеме, повесттери, ырлары, очерктери, адабий сын макалалары, публицистикалары, газета-журналдарга үзгүлтүксүз жарыяланып келгендигин айтышты.
Жазуучу адабий чөйрөдө таланттуу сынчы катары да белгилүү. «Сүйүү лирикасы туура бааланууга тийиш», макаласы басылып, ага удаалаш «Оморчулук деген эмне», «Поэзиядагы халтуранын жолун бөгөөгө болобу?», деген сын макалалары, «Кыргыз прозасындагы реализмдин өнүгүү жолдору», «Адабият жана мезгил», «Сын жана адабий процесс» сыяктуу актуалдуу проблемалуу маселелерди камтыган иликтөөлөрдөн турган «Жаңы тилке» аттуу жыйнактары басмадан жарык көргөндүгүн, сынчы эле эмес, акын, кара сөздүн чебери, абройлуу адабиятчы катары да жакшы билишерин, «Махабат аралы», «Таң шоокуму», «Акын кыялы» деген поэтикалык жыйнактарында жана «Түштүк кызы» повестинде достук менен сүйүүнү өтө чеберчиликте даңазалагандыгын айтышты. Анын адамкерчилиги, боорукердиги өтө жогору эле деп эскеришет замандаштары.
К. Бобулов котормочу катары да белгилүү. Ал орус классиктери Пушкин, Лермонтов, Некрасов, Есениндин айрым ырларын жана Хафиздин казалдарын, Чавчавадзенин, Вердахтын ырларын кыргызчага которгон.
К. Бобуловдун чыгармалары орус жана башка тилдерде да которулган. Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган, эл агартуунун отличниги, Республиканын «Кыргыз тили» коомунун Президенти болуп, чыгармачылык менен коомдук иштерди бирдей айкалыштырып эли үчүн кызмат өтөгөн.
Бул китеп-сүрөт көргөзмөдө К. Бобуловдун китептери, макалалары, публицистикалары жана ал жөнүндөгү ар түрдүү макалалар, фотодокументтери, ой-пикирлер орун алган.
Өткөрүлгөн иш-чара басма сөз, радио берүүлөрдөн чагылдырылып, өз максатына жетти.