Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Жаратылышты коргоо ар бир адамдын милдети

Жаратылышты коргоо ар бир адамдын милдети
19 Авг 2025

2025-жылдын 19-августунда А. Осмонов атындагы Улуттук китепкананын массалык-маалымат иштер бөлүмү экологиялык маданиятты жогорулатуу, айлана-чөйрөнү коргоонун маанилүүлүгүн жайылтуу жана жаратылышка аяр мамиле кылууга үндөө максатында “Жаратылышты коргоо ар бир адамдын милдети” деген аталышта көргөзмө уюштурду.

 


Бул көргөзмө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы №107-тескемесине ылайык, 2025-2027-жылдарга экологиялык жактан коопсуз таңгактоочу материалдарды өндүрүүнү өнүктүрүү жана пластик пакеттерди пайдалануунун деңгээлин төмөндөтүү боюнча иш-чаралардын алкагында уюштурулган.

Көргөзмөгө “Жаратылыш”, “Табигат сырлары” (Б. Джунусалиев), “Табият таануу алиппеси” (Түз: Е. Арабай уулу. Д. Шамгун уулу), “Айлана чөйрөнү коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын жыйнагы” (которгон Г. Мамбеталиева), “Курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жыйнагы”, “Сборник законов Кыргызской Республики в области охраны окружающей среды”, “Кыргызстанда экосистемалык кызматтарды баалоо” (А. Каптагаева), “Экологиялык терминдерге кыскача түшүнүктөр” (Дж. Бугубаева) аттуу китептер, ошондой эле макалалар, материалдар жана интернет булагынан алынган сүрөттөр коюлду.