Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Жашыл толкун” деген аталышта экологиялык семинар жана жарманке уюштурулду

“Жашыл толкун” деген аталышта экологиялык семинар жана жарманке уюштурулду
25 Апр 2025

2025-жылдын 25-апрелинде Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында жаратылышты коргоо, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу, экологияга зыянын тийгизүүчү өндүрүш, ишканалардан чыккан ар кандай калдык, таштандыларды өз-өзүнчө бөлүштүрүү жана жок кылуу, бизди курчап турган чөйрөнү таза сактоо максатында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги, Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар жана өспүрүмдөр борбору тарабынан “Жашыл толкун” деген аталышта экологиялык семинар жана жарманке уюштурулду.


Бул семинарда экология боюнча эксперттер тарабынан жаш муунга айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, туура тамактануу, экологиялык таза табигый буюм-тайымдарды колдонуу, таштанды калдыктарынын түрлөрү, алардын зыяндуулугу боюнча кеңири маалымат берилип, практика жүзүндө да көргөзүлдү.

Белгилей кетсек, мындай коомдук иш-чаралар жаратылышты коргоодо жагымдуу экологиялык шарттарды түзүүгө, сактоого жана аны жакшыртууга багыт берет.