Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

ЖАЗГЫЧ АКЫН МОЛДО КАЙЫПТЫН КИТЕБИ 100 ЖЫЛДАН КИЙИН ЖАРЫК КӨРДҮ.

ЖАЗГЫЧ АКЫН МОЛДО КАЙЫПТЫН КИТЕБИ 100 ЖЫЛДАН КИЙИН ЖАРЫК КӨРДҮ.
25 Ноя 2023
Бүгун, 2023-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада жазгыч акын Молдо Кайыптын “Казал-мурас” китебинин бет ачар аземи өттү. XIX кылымдын экинчи жарымында жана XX кылымдын башында Кара-Кулжа чөлкөмүндө жашап өткөн төкмө жана жазгыч акын Молдо Кайып Козубай уулунун чыгармалары “Казал-мурас” деген аталышта китеп болуп басылып чыкты.
Китептин бет ачар аземине Кыргызстандагы белгилүү акын-жазуучулар, тарыхчылар, филолог жана адабиятчы окумуштуулар , мамлекетттик жана коомдук ишмерлер, изилдөөчүлөр жана Молдо Кайыптын урпактары катышышты.