Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Жазма адабиятты баштагандардын бири, акын Шамыркан уулу Молдо Кылычтын 150 жылдыгы

18 Янв 2016
Жазма адабиятты баштагандардын бири, акын Шамыркан уулу Молдо Кылычтын 150 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү 2016- жылдын 15 – январында А. Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө уюуштурулат.
Кыргыздын тунгуч жазма акыны Молдо Кылыч Шамыркан уулу 1866-жылы Кочкор өрөөнүндө туулган. Кылычтын атасы – Шамыркан Төрөкелди уулу тың жигит чыгып, атасынын ордун баскандай даражага жетип калганда дүйнөдөн кайтат. Ал убакта Кылыч 5 жаш чамасында болгон.
Молдо Кылычтын чыгармачылык жолун иликтегенденрдин пикирине караганда, ал да атасындай жаш кезинен чыйрак, зейрек болуп чоңоет. Кылыч арабча кат тааныганды адегенде жумгалдык чала молдо Баян дегенден үйрөнөт. Кийинчерээк акын Чүйдөгү Мамбеталы менен Ак Молдодон жана Токмоктогу Закир Халифадан сабак алып, казак, татар тилдеринде чыккан газета-журналдарды окуйт. Молдо Кылычтын ырларынын кыйласы диний темада экенини себеби да ушундан улам болуу керек.
Кылыч Чүйдө жүргөн учурунда, 80- жылдардын аягында “Чүй баяны”атуу белгилүү поэмасын жазат. 1890-жылдын башында Кылыч Чүйдөн Кочкорго кайта көчүп барып, өмүрүнүн аягына чейин ошол туулган жерин тургундайт. 1898-жылы өтө ирдүү чыгармасынын бири болгон “Замана” жөнүндөгү санаттарын жазууга киришет.
Кылыч Кыргызстанга орустар көчүп келип, кыргыз жеринде кыштактар түшүп, шаар өсө баштаган учурда Кылыч казал жазуу менен гана чектелбестен, эл арасында окуу, билим таратуу максаты менен өзү да колунан келишинче агартуучулук аракетине киришет. Ушул максатына ылайык, ал айлындагы, илгери өзу окуган медреседе молдо болуп, бала окута баштайт. Окуу программасына эсеп, жазуу , эмгек сабактарын киргизе баштайт. Кыргыз элинин тарыхында биринчи жолу Кылыч балдарды өз эне тилинде окута баштайт. Балдарга өз чыгармаларын окутуп, жаттатып, алардын адабий-көркөмдүк түшүнүгүн арбытат. Анын окуучуларынын бирөөлөрү чыгармаларын көчүрүп жазып, элге окуп берип, ырларын эл арасына таратуу жагынан бир кыйла эмгек кылышкан. о. э окуучуларынын бирөө 1911-жылы Кылычтын “Кысса зилзала” аттуу поэмасын Казанда бастырып чыгарат.
Кылыч 1916-жылкы кыргыз элинин көтөрүлүшүнө катышат. Ал колуна жарак алып, жөнөкөй жоокер ирээтинде куралган колдун катарында болот. Кылыч үй-бүлөсү менен Кытайга үрккөндөрдөн калып, Жумгал жергесинде Сары-Булак деген жерде өткөрөт.
1917-жылдын жаз айында өз жерине кайтат. Ошол жылдын жайында Кылыч катуу ооруга чалдыгып, күз айларынын башында, 51 жашында дүйнөдөн кайтат. Сөөгү Төрөкелдинин мазары” аттуу бейитке коюлган.
Кылыч өтө көп жазган, ал бир кыйла адабият мурастарын калтырды. Бул мурастардын көркөмдүк жана идеялдык мазмуну- акындын таланты өтө жогору болгон, терең ойчул сөз чебери катарында мүнөздөйт.
Кылычтын бизге жеткен чыгармалары төмөндөгүлөр: “Арман кыз”(Кыз жигит), “Чүй баяны”, “Керме –Тоо”,(Улуу тоо) , “Канаттуулар”, “Бүркүттүн тою”(Буудайыктын тою), “Зар заман”, “Зилзала”, “Кол казал”, “Кара Кочкор”, “Уй казал”, “Байтайлак”.
Бул Кылычтын эң ири чыгармалары, булардан башка да майда сатиралык поэмалары жана бир нече лирикалык ырлары бар.

Дареги: А. Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасы
2-этаж № 57 кабинет. Тел: 30-46-79