Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Жазучу, публицист Аман Саспаевдин туулган күнүнүн 90 жыл

Жазучу, публицист Аман Саспаевдин туулган күнүнүн 90 жыл
15 Окт 2019

2019 жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын А. Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын “Кыргыз-Түрк маданий борборунда” жазучу, публицист Аман Саспаевдин туулган күнүнүн 90 жылдыгына карата “Аман Саспаев — жазуучу, публицист” атту китеп көргөзмөсү уюштурулду.

Жазуучу Аман Саспаев Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган. 1937-жылы Кытайдын Тогуз-Торо уездине караштуу Моюн-Күзөр айылындагы уйгур мектептен сабатын ачкан. Кийин Тогуз-Торонун Жаңы-Шаар деген айылында, Кулжа шаарында уйгур, казак мектептеринде окуп билим алган.

Эмгек жолун 1945-1947-жылдары Текес уездинин бир мекемесинде катчы болуп иштөөдөн баштаган.
1947-1949-жылдары «Инкилаби шаркий Туркестан» гезитинде Текес, Мунгул-Күрөө уезддери боюнча атайын кабарчы болуп иштеп, ал эми 1949-1952-жылдары Кулжа шаарындагы «Билим юрти» деген окуу жайына кирип, аны бүткөн соң ошол окуу жайында мугалим болуп иштей баштаган. 1952-1956-жылдары Пекиндеги Борбордук улуттар институтуна өтүп, кытай тили боюнча филология факультетинде окуган. 1956-жылы Үрүмчүгө келип, «Эл басмасынын» кыргыз секторунда редактор, жооптуу сектор башчысы болуп эмгектенген. 1962-жылы Ата Мекенине кайтып келген соң, 1966-жылга чейин туулган айылы «Сан-Таш» совхозунда жумушчу, тракторчу болуп эмгектенген. 1967-1988-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун Ысык-Көл облусу боюнча адабий кеңешчиси болуп иштеп, 1971-1973-жылдары Москвадагы М.Горький атындагы Адабий институтунун Жогорку адабий курсунан окуган.

Аман Саспаевдин чыгармачылык ишмердиги 1947-жылдары башталып, казак тилинде ырлар, уйгур тилинде прозалык чыгармаларын жазып, мезгилдүү басылмаларда жарыялап турган. 1966-жылы туңгуч аңгемелер жыйнагы «Гүлкайыр» деген ат менен «Кыргызстан» басмасынан жарык көргөн. А.Саспаев 1967-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. Жазуучунун айрым аңгемелери орус, француз, кытай, латыш, татар, башкыр, казак, уйгур, каракалпак тилдерине которулган.
Автор узак жылдар бою кытай тилин изилдеп жүрүп, 55 миң сөздү камтыган 91 басма табак көлөмүндөгү «Кытайча-кыргызча сөздүк» түзүп, 2003-жылы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата жарыкка чыгарган.

А.Саспаев Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланып, ага 1994-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наам берилген. Караколдогу К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун профессору болгон.

Көргөзмөгө төмөнкү китептер коюлду: «Майда толкундар”, “Парторг”, “Мурат”, “Татым туз”, “Ыйык сезимдер”, “Тоо чабалекейи”, “Утро в новом доме” жана башка китептер.

Адрес: Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 208
Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепкана тел:. 30-46-83