Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүңө жана “Китеп жумалыгына” арналган жазуучунун чыгармалары боюнча түзүлгөн “Канткенде адам уулу адам болот?” деген темада викторина өткөрүлдү.

10 Дек 2019

2019-жылы 10 декабрда саат 14.30дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын “Илимий изилдөө жана редакциялык-басма иштери” бөлүмүндө (2-этаж, 91-кабинет) асыл залкар, элибиздин сыймыгы, улуу жазуучу, Кыргызстандын баатыры, масштабдагы гуманист жана ойчул Чыңгыз Айтматов улуттук жана дүйнөлүк маданиятка терең из салган, дүйнө элдеринин ортосундагы достукту чындоого баа жеткис салым кошкон залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүңө жана “Китеп жумалыгына” арналган жазуучунун чыгармалары боюнча түзүлгөн “Канткенде адам уулу адам болот?” деген темада викторина өткөрүлөт.

Айтматов жөнүндө ойлогондо же анын чыгармаларын окуганда ой-сезимди удургуткан бийик ойлор өзүнөн өзү келет. Замандын күзгүсү болгон он бештен ашык чыгармалар дал ошол Айтматов доорун түздү. “Жамийла”, “Биринчи мугалим”, “Саманчынын жолу”, “Жаныбарым Гүлсары” жана кийинки романдары “Акыр заман”, “Кылымга тете күн”, “Кассандра тамгасы” жана эң акыркысы “Тоо кулаганда” (“Түбөлүк колукту”) чыгармаларынын ар бири өтө сейрек кездешүүчү көрүнүш катары кабыл алынды. Улуу жазуучу өзүнүн акыл-дарамети, кайталангыс таланты, дүйнөгө таанымал залкар нукура сөз чебери гана эмес, өзүнүн кеменгерлигин, даанышмандыгын, акылмандыгын көркөм сөз менен гана айтып бере алчу олуя, философ катары ар кандай диндеги, ар кыл курактагы, ар түстөгү адамзаттын акыл-кеңешчиси, сырдана сырдашына айланганы үчүн жеке эле биз, кыргыздар эмес, жалпы дүйнө эли сыймыктанууга акылуу.

ЮНЕСКОнун маалыматтары боюнча, Чыңгыз Айтматов дүйнөдө эл баарынан көп окуган жазуучу. Анын чыгармалары 170 тен ашык чет тилдерге которулуп, чет өлкөлөрдө 60 миллиондон ашык нуска менен чыгарылган.

Ч. Айтматовдун сөзүнүн күчү аны окуган адам кайсы коомдук системага таандык болсо да, кандай көз карашта болсо да анда турмуштун эң бир зарыл, айланып өтүүгө болбочу проблемаларына кайрылуу зарылдыгын жаратканында. Көркөм сөздүн чебери катары ал турмуштун терең түпкүрүндө катылып жаткан чиеленишкен татаал конфликттерди көрө жана сезе билген касиетке ээ болгон.

Улуу жазуучунун бүткүл өмүрү, чыгармачылыгы “Канткенде адам уулу адам болот?” деген түбөлүк суроону коюп, адамдын улуулугун, моюбастыгын, чынчылдыгын, абийирдүүлүгүн, жаратылыштын касиеттүүлүгүн жана турмуштун түбөлүктүгүн даңазалаган сырдуу жарчы болду. Ал дайыма алдыда болууга, биринчи чыйыр салууга умтулчу жана муну ал ийгиликтүү аткара алды.

Викторина Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын “Илимий изилдөө жана редакциялык-басма иштери” бөлүмү тарабынан уюштурулат.

Иш-чарага Кыргыз Улуттук Университетинин кыргыз филологиясы факультетинин 1-курсунун студенттери катышат.

Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч., 208 Кыргыз Республикасынын А. Осмонов атындагы Улуттук китепканасы. Тел.: 30-46-84