Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

«ЖеЈишке айланган ймЇрлйргй таазим»

24 Сен 2014

2014-жылдын 24-июнунда саат 14-00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Мезгилдүү басылмалар бөлүмүндө Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган «Жеңишке айланган өмүрлөргө таазим» аттуу сүрөт көргөзмөсү өткөрүлдү.
Бул иш-чараны Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы менен биргеликте КТРКнын «Кыргыз радио» бирикмесинин «Достук» радиосу жана «Элим барсыңбы?» кайрымдуулук фонду уюштурушту.

Улуу Ата Мекендик согуш ХХ кылымдагы эң трагедиялуу окуя болгон. Ал тарыхка 60 миллиондон ашык кишинин өмүрүн алып кеткен эң катаал жана кандуу согуш катары кирди. Кыргызстан ал жеңишке баа жеткис салым кошкон. Улуу Ата Мекендик согуштун фронтторунда үч жүз алтымыш үч миң Кыргызстандык адам набыт болгон. Алардын баары өлбөс-өчпөс атакка ээ болушту, алардын аттары Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхына алтын тамгалар менен жазылып калды. Фото көргөзмөнүн максаты өлкөбүздө жашаган этностордун достугун, ынтымагын чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган.

Фото көргөзмөгө фотографиялар, Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жок болгон жоокерлер жөнүндө маалыматтар коюлган.

Сүрөт көргөзмөгө Коомдук телерадио корпорациясынын, Кыргызстан Элдер Ассамблеясынын, «Элим барсыңбы?» кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү, илим жана маданият ишмерлери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери, окурмандар катышышты. Пресс-релиздер орус, кыргыз тилинде жазылды. Web-сайтка өткөрүлгөн иш-чара боюнча маалымат берилди. Ала-Тоо, УТРК каналдары тарабынан сыналгыдан көрсөтүлүп, “Достук” радиосунан берилди.