Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Жоомарт Бйкйнбаевдин 100 жылдык мааракеси

23 Май 2011
{mosimage}2011-жылдын 20 — майында Улуттук китепкананын Мезгилдүү басылмалар бөлүмүнүн залы коомдук ишмерлерге, акын — жазуучуларга, студенттер, ыр күйөрмандарына толду. Анткени белгилүү акын, драматург жана котормочу бир кылымда бир жаралчу сейрек инсан Жоомарт Бөкөнбаевдин 100 жылдыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмөнүн ачылыш салтанаты. Мында өзгөчө акындын өз доору менен жарышкан лирикалык ырлары, мекенди сүйүүгө арналган патриоттук духтагы чыгармалары, берметтей тунук поэзия жаратуу менен бирге өтө күчтүү драмалык чыгармалары, очерктери, публицистикалары, тандалмалар жыйнактары үй-бүлөлүк архивдик сүрөттөрү көргөзмөнүн ажарын ачып турду. Акын өзүнүн кыска жана нуска өмүрүнүн ичинде жараткан “Алтын кыз”, “Айчүрөк”, “Токтогул”, “Ажал менен ар-намыс” ж.б. чыгармаларынын китеп-сүрөт көргөзмөдөн орун алышы акындын күйөрмандарынын кызыгуусун жаратты.
Ж.Бөкөнбаевдин 100 жылдыгына арналган иш чараны Улуттук китепкананын илимий иштер боюнча директорунун орун басары, Р.Буларкиев эмгекчилердин гимнине айланып калган ,,Алтынды сансыз кылып тапкан эмгек, "Адамды адам кылып баккан эмгек!,, деген ыры менен ачты. Белгилүү коомдук ишмер, акындын келини И.Болжурова кайнатасыны тубаса талант, кайталангыс инсан экенин чыгармалары аркылуу баяндап берди. “Манас” коомунун жетекчиси, Кыргыз Эл акыны А. Жакшылыков Жоомартты кыргыз адабиятынын негиздөөчү көрүнүктүү каймактарынын бири болчу деп токтолду. Медициналык академиянын доктору, профессор Сырга Бөкөнбаева атасынын эмгекчилдигине талантына өтө жогору баа берди. Кыргыз Эл акыны Н. Алымбеков залкар талантка арналган атайын жазылган ырын көркөм чеберчиликте окуп берди. Замандаштары Н. Жаркынбаев, Б.Алагушев, Токтогулдук жердештери Көксариев Ороз, Б.Чотурова, Б.Сейитбекова, Б.Карагулова, Т.Сманбеков, А.Сариевдер акындын жаркын элесине арналган канаттуу лирикалык сүртүмдөрүн окуп, эскеришти.Республикалык чыгармачыл жаштардын ”Нур борбор” бирикмесинин жетекчиси Н.Калыбеков “Жоомарт Бөкөнбаев” атындагы сыйлыктын негиздөөчүсү жана ошол сыйлыктын лауреаты катары өзүнүн ойлорун, келечектеги иш — пландары боюнча токтолуп кетти. Аягында жаш талант, тубаса манасчы Улуттук консерваториянын 2-курсунун студенти Асем Курманбек кызы өзүнүн калеминен жаралган ырын окуп, өзүнүн вариантындагы манас айтып көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Китеп — сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышына белгилүү акын, жазуучулар, массалык ө маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
,,Алтынды сансыз кылып тапкан эмгек,
Адамды адам кылып баккан эмгек!… аттуу китеп ө сүрөт көргөзмөсү катышуучулар тарабынан кызуу колдоого алынып, өз максатына жетти.
{mosimage}{mosimage}{mosimage}