2026-жылдын 26-февралында, саат 14:00до А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын президентинин Ардак грамотасынын ээси, Кыргызстандын Журналисттер жана Жазуучулар союзунун мүчөсү, 30 жылдан ашык өмүрүн тележурналистикага (Нарын, «Сары-Өзөн», «КООРТ», «Ала-Тоо» жана «ЭлТР» телеканалдарында эмгектенген) арнаган журналист, акын Сталбек Абдыраев (1962–2025) эскерилет.
“Мени издесең ырларымдан табасың” аталыштагы эскерүүгө маркумдун жакындары, акын, жазуучулар, кесиптештери, замандаштары катышат.