2025-жылдын 11-апрелинде А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басмалар бөлүмүндө улуу даанышман, терең ойчул, таасын тарбиячы, теңдешсиз акын, боордош бабабыз Жусуп Баласагындын төрөлгөндүгүнүн 1010 жылдыгына арналган “Жусуп Баласагын – түрк сөзүн түрлөнткөн алп акын” деген темада китеп көргөзмө ачылды.
Өз учурунун билимдүү адамы, илимпоз, аалым Жусуп Баласагын 1015-жылы азыркы Чүй өрөөнүндөгү Токмок шаарынын түштүк-батыш тарабында орун алган Бурана мунарасы турган жердеги Баласагын деген шаарда жарык дүйнөгө келген.
Баласагындык Жусуп “Кутадгу билиг” – “ Кутту билим” – бактылуу болуунун билими дастанын (поэмасын) 1069-жылы байыркы түрк тилинде кара сөз түрүндө жазган. Бул чыгарма 72 бөлүмдөн, жалпы көлөмү 13444 сап ырдан турат жана 18 айдын ичинде жазылып бүтүп, Кашкардын ханы Товгач-Буура Абу-Хасанга тартууланган. Натыйжада Жусуп Баласагынга “Хас-Ханжеб” – “Мамлекеттик катчы” наамы ыйгарылган. Монголдор Россияны басып турган мезгилде (ХIII-XV кк.) “Алтын Ордодо”, Батыйхандын китеп текчесинде “Кутадгу билигдин” болгондугу археологдор тарабынан аныкталган.
Жусуп Баласагындын көз карашынын калыптанышына ошол мезгилдеги ар түрдүү элдин ар түрдүү маданияты, улуу ойчул философтор: Аль Фараби, Беруни, Ибн Сина өңдүү Орто Азиянын жана байыркы гректин Аристотель, Платон сыяктуу ойчулдарынын таасирлери чоң болгондуктан, анын Батыш жана Чыгыштын араб, фарс, түрк элдеринин маданиятынын, адеп-ахлагынын, каада-салттарынын, диний ишенимдеринин, илим-билиминин синтезинен жаралган дастанынын улуулугу, түбөлүктүүлүгү ушуга байланыштуу болсо керек.
“Куттуу билим” дастаны аркылуу келечек муундарга түбөлүктүү эстелик калтырып кеткен Жусуп Баласагынды орто кылым доорундагы көркөм ой-жүгүртүүнүн өзгөчө бийиктигин аныктаган сөз устаты деп баалоого милдеттүүбүз.
Китеп көргөзмөгө акындын өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган китептер, классикалык изилдөөлөр жана макалалар жайгаштырылды.