Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Жузеппе Вердинин 210 жылдыгына арналган иллюстративдик көргөзмө уюштурулду.

Жузеппе Вердинин 210 жылдыгына арналган иллюстративдик көргөзмө уюштурулду.
11 Окт 2023

2023-жылдын 11-октябрынан тартып маданият жана искусство бөлүмү тарабынан — Жузеппе Вердинин 210 жылдыгына арналган иллюстративдик көргөзмө уюштурулду. Жузеппе Верди — италиялык композитор.
Жузеппе Верди 1813-жылы 10-октябрда жакыр үй-бүлөдө туулган. Жузеппе Верди беш жашында ноталык жазууну үйрөнүп жергиликтүү орган аспабында ойной баштайт. 1823-жылы, жаш талант бай бизнесмен тарабынан байкалган, жана ошол эле учурда Бусетто филармониясынын мүчөсү Антонио Барецци, композиторду көзү өткөнчө колдоп келген.
Он беш жаштагы Верди симфониянын автору болгон. «Набукко», 1842-жылы премьерасы болгондон кийин ага алгачкы ийгилик жана жалпы европалыктарга таанылган. 40-50 жылдары чыгармачылык жагынан жемиштуу болгон. Верди 26 операсынан 20сын жазган.
Көргөзмөдө композитор жөнүндө китептер, журналдар, маалымдама адабияттар жана cүрөт материалдары коюлду.