
2026-жылдын 16-мартында А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепкананын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмү 21-март — Нооруз майрамына арналган «Кең ааламга тараган, керемет майрам — Нооруз» аталыштагы китеп көргөзмөсүн уюштурду.

Китеп көргөзмөгө Нооруз тууралуу китептер, гезит-журналдагы сүрөттөр жана макалалар жайгаштырылды.
“Нооруз” байыркы фарс тилинен (“науруз”) келген. “Нау” – “жаңы”, “руз” – “күн” маанини түшүндүрөт. Эски жыл эсеби боюнча 21-мартта белгиленет, бул күнү күн менен түн теңелет.

Нооруз — Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө, Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда негизги майрамдардын бири.
1991-жылдын 1-февралында Жогорку Кеңеште 21-март элдик Нооруз майрамы деп бекитилген.

Кыргыз элинин тарыхына, маданиятына кызыккан бардык окурмандарды көргөзмөбүзгө чакырабыз!