Главная страница  
30.03.2017
Кто он-лайн
Сейчас на сайте:
Гостей - 9
«Кыргызстан – 2015: КЇндйр. Адамдар. Окуялар» аттуу маалымда
24.12.2014
Кымбаттуу мырзалар жана айымдар!

    Сиздерге Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында басылып чыккан «Кыргызстан – 2015: Күндөр. Адамдар. Окуялар» аттуу маалымдаманы алууну сунуштайбыз.
«Кыргызстан - 2015: Күндөр. Адамдар. Окуялар» - бул Кыргызстандын 2015-жылга мааракелүү даталары, саясий, экономикалык, коомдук жана маданий турмуш жөнүндө окуялардын маанилүү жана белгилүү даталарынын жылнаамасы.
Жылнаамада даталардын жана окуялардын кыскача тизмесинен сырткары жылдын маараке ээлери – Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлери жана белгилүү окуялар жөнүндөгү толук маалыматтар кыргыз жана орус тилдеринде берилген.

Белгилүү жана маанилүү окуялардын жылнаамасынын көлөмү – 32.5 басма барак.
Жылнаамага кирген материалдардан 2015 – жылдагы Кыргызстандагы бардык белгилүү жана тарыхый окуялар жөнүндө кабардар болууӊузга жана ишиӊизде көмөгү тиет.
«Кыргызстан – 2015: Күндөр. Адамдар. Окуялар» аттуу маанилүү жана белгилүү окуялардын жылнаамасын алуу боюнча төмөнкү телефонго кайрылсаӊыздар болот.
тел.: 0312 – 30-46-81
0312 – 30-46-87

Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы,
 Улуттук библиография бөлүмүнө
дареги: Бишкек шаары, Ж. Абдрахманов көчөсү 208.


 
< Пред.   След. >
EnglishKyrgyzRussian