Главная страница  
26.09.2017
Мы в соцсетях
FacebookInstaGramFlickr
Кто он-лайн
Сейчас на сайте:
Гостей - 11
Чокон Валиханов. Туулган кЇнЇнй 180 жыл
12.08.2015
 2015-жылдын 12-августунда КР А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө  Ч.Ч. Валихановдун 180 жылдыгына карата китеп көргөзмөсү коюлат.
  Казак элинин тунгуч илимпозу, агартуучу, тарыхчы, этнограф, фольклорист жана саякатчы Ч. Валиханов азан чакырып койгон аты- Мухаммед Ханафия тынчы жок, шоктугунан эркелетип жүрүп, Чокон атыгып калган) (1835-1865) август айында Куш-Мурун чебинде (азыркы Кустанай шаарына жакын Аман- Карагай аймагы) туулган. Алгачкы билимди казак мектебинен арабча окуп, жазганды жакшы өздөштүргөндөн кийин, 1847-жылы Омск кадеттик корпусунан окуйт. Аны 1853-жылы аяктап, Батыш Сибирь генерал – губернаторунун адьюданты болуп дайындалган.
      
  Ч. Валиханов бүт өмүрүн дүйнөлүк илимге, али белгисиз болгон кыргыз, казак жана башка элдердин тарыхын, маданий мурастарын иликтеп чогултууга жана бай материалдарга негизделген баа жеткис эмгектерин жазууга арнаган. Анын өзгөчө “Ысык- Көл күндөлүгү” , “Кыргыздар тууралуу маалыматтар”, “Түштүк Сибирь урууларынын тарыхы боюнча кол жазмалар, “Кокон хандыгы тууралуу билдирүүлөр”, “Кыргыздардагы шаман дининин издери”, “Кыргыз жайыттары жөнүндө”, “Кашкар күндөлүктөрү” аттуу эмгектери кыргыз элинин XIX кылымдын ортосуна чейинки тарыхына, жашоо- шартын иликтөөдөгү негизги илимий булактардын катарына кирет. Ошол учурда эле Ч. Валиханов кыргыз элинин байыртан берки жери  Борбордук Тянь-Шань болгондугун, алардын географиялык биримдигин түзгөн Алтай-Жунгар талаалары менен тыгыз байланышта тургандыгын айткан жана кыргыз элинин оозеки чыгармасынын туу чокусу болгон “Манас” эпосун белгизиз манасчыдан “Көкөтөй хандын өлүмү жана ашы” аттуу үзүндүнү жазып алып, негизги мазмунун кара сөз менен орус тилине которуу менен дүйнөлүк илимий чөйрөнү кыргыз оозеки чгармачылыгынын теңдешсиз үлгүсү менен тааныштырган. Валиханов жазып алган тексттердин жалпы көлөмү-3320сап. Ал “Манас” эпосуна: “Эбегейсиз зор эпопея кыргыздардын жашоо шартын, үрп-адатын, мүнөзүн, географиясын, диний жана медициналык түшүнүктөрүн жана эл аралык мамилелерин толук камтыйт" – деп эң таасын мүнөздөмө берген. 
   Окумуштуу-саякатчы      кыргыздардын тарыхы жана маданияты гана эмес, жашоо шарты, үй-бүлөлүк турмушу, диний түшүнүктөрү, соода-сатык мамилелери боюнча да бай маалыматтарды калтырган.   
Ч. Валиханов өзүнүн кыска өмүрүндө  кийинки муундарга илимий жана адабий зор мурасты калтырып кетүүгө, ошол мезгилдеги Россиянын белгилүү чыгыш таануучуларынын катарынан орун алууга үлгүргөн. Орустун илимий коомчулугу анын эмгектеринине зор баа берүү менен 1857- жылы Бүткүл Россиялык географиялык коомдун анык мүчөлүгүнө шайлаган. 
Ал ооруп калгандыгына байланыштуу Санкт-Петербургдан элине кайтып келип, 30 жаш курагында  дүйнөдөн кайткан.
   Элдердин достугунун бекемделишинин жарчысы Ч. Валихановдун өмүрү адам баласы суктангандай татыктуу жашоонун үлгүсү болуп калмакчы.





    Дареги: Бишкек ш. Ж. Абдрахманов көч. 208
    КР А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасы
    2-этаж № 57 каб. Тел. 30-46-79.
 
< Пред.   След. >
EnglishKyrgyzRussian