Главная страница arrow Мероприятия arrow Алп манасчы  
27.03.2017
Алп манасчы
02.03.2017
    2017-жылдын 3-мартында саат 11:00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басмалар бөлүмүндө белгилүү манасчы   Сагынбай Орозбаковдун  150 жылдыгына арналган «Алп манасчы»  аттуу китеп көргөзмөсү жана тегерек үстөл өткөрүлөт.
     Улуу манасчы Сагынбай Орозбак уулу 1867-жылы Ысык-Көлдүн күңгөйү Кабырга деген жерде туулган. Жакырчылык турмушта жашаган Сагынбай үй-бүлөсү менен бир айылдан экинчи айылга көчүп-конуп жүрүп, 1916-жылы Үркүндө эл менен кошо Кытайга барып, 1917-жылдары кайра элине кайтып келет.
    Кырыгыз Республикасынын Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун кол жазмалар фондусундагы маалыматтарда Сагынбай түшүнүгү кенен, кат тааныган, араб арибинде жазылган материалдарды окуй алган өз учурунда билимдүү адам болгондугу, “Манас” айтууга чейин (“Манас” айтууну 15-16 жашында баштаган) эле лирикалык, тамашалуу ырларды чыгарып, элдин оозуна алынгандыгы эскерилет.
    Баардык манасчылардай эле ал дагы “Манас” айтууну түш көрүү менен байланыштырган. Ошондой болсо да анын манасчы болуп калыптануусуна Балык, Найманбай жана башка манасчылар зор таасир тийгизген. Сагынбай биринчи жолу “Манасты” толугу менен Тыныбектин жана улуу муундагы манасчылардан Балыкты көрүп, алардын айтканын уккан.
   С. Орозбаков өз учурунда көлөмдүү поэмаларды чыгарып, эл турмушуна байланыштырып айтып жүргөн чыгармаларынын  бири социалдык-философиялык “Замана” поэмасы болуп эсептелет.
Поэманын идеялык мазмуну көрсөткөндөй мында элдин турмушун жеңилдетүүнүн жолун издеген.
    Кыргыз фольклорун жыйноочу К. Мифтаковдун демилгеси менен Сагынбай чоң манасчы атыгып, такшалып калган учурда аны Нарынга ээрчитип барып, “Манасты” жазуу иши башталат. 1922-жылдын июнь айынан баштап 1926-жылдын  августуна чейин “Манасты” Ыбырайым Абдракман уулу кагаз бетине түшүрсө, С. Сооробаев манасчыдан жазылган материалдарды көрүп, экинчи нускасын даярдаган.
    С.Орозбаков “Манас” айтууну бир эле географиялык чөйрөдө же бир эле айылдын аймагында айтуу менен чектелип калбастан, ал кыргыз жергесинин көптөгөн жерлеринде болуп, “Манасты” ар дайым эл кыдырып, жер которуп жүрүп жаздырган. Сагынбай “Манасты” жаздырууда  чыгармачыл шыктануу менен киришип, бир эле жылдын ичинде эпостун биринчи жана экинчи бөлүмдөрүн, башкача айтканда Манастын төрөлүшүн, балалык чагын, кан көтөрүлүшүн айтууга үлгүргөн. Анын вариантындагы эпостун негизги идеясы - өз жеринен ажырап, чачылган, бүлүнгөн элди бириктирүү болгондуктан, ага ылайык окуялар Манастын сырттан келген душмандарга каршы күрөштөрүнө байланыштуу сүрөттөлөт. Ошондой эле эпостогу өзүнчө сюжеттик өзөктү түзгөн эпизоддордун ичинен Манастын ишенимдүү чоролорунун бири болуп эсептелген Алмамбеттин өмүрүн жана көрсөткөн эрдиктерин, жоокердик даанышмандыгын, магиялык касиетке ээ айлакер жана баатырдык жаратууларды жеткиликтүү сүрөттөй алган.
   1924-жылдын башынан тартып С.Орозбаков ооруга чалдыгып, оорусу күчөгөндүктөн андан “Семетей”, “Сейтекти” жазуу иштери жүргүзүлбөй калган.
Кыргызстандын улуттук сыймыгы жана улуу мурасы болгон “Манас” эпосун сактоодо жана өнүктүрүүдө баа жеткис салым кошкон Сагынбай Орозбак уулу 1930-жылы Кочкор айылында дүйнөдөн кайткан.   

   Көргөзмөгө С. Орозбаковдун китептери, ал жонундө окумуштылардын баяндамалары, изилдөөлөрү жана макалалар коюлган.
 
   Көргөзмөгө илимий жана маданий ишмерлер, манасчылар, студенттер, окурмандар жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышат.

Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч., 208. Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы. Тел: 30-50-57, 30-47-04
 
< Пред.   След. >
EnglishKyrgyzRussian