Главная страница  
24.04.2017
Кто он-лайн
Сейчас на сайте:
Гостей - 2
Касым Тыныстановдун 110 жылдыгына арналган эскерЇЇ кечеси
22.09.2011
2011-жылдын 20-сентябрында саат 11.00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басмалар бөлүмүндө кыргыздын алгачкы агартуучусу, кыргыз жазма адабиятынын негиздөөчүсү К. Тыныстановдун 110 жылдыгына карата уюштурулган эскерүү кечеси жана «Белгилүү окумуштуу, алгачкы агартуучу, тилчи, мамлекеттик ишмер жана профессор» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өткөрүлдү. Көргөзмөгө алгачкы агартуучу, тилчи, мамлекеттик ишмер, профессор К. Тыныстановдун алгачкы китептери, эмгектери, публикациялар, газеталык статьялар, ал жөнүндө жазылган илимий макалалар, эскерүүлөр шкафтарга жайгаштырылды. Улуттук китепкананын директору, профессор Ж. К. Бакашова китеп-сүрөт көргөзмөнү ачып, Касым Тыныстановдун басып өткөн жолу жөнүндө кеңири обзор жасап, төмөнкүлөргө токтолду. 1925-жылы ал эмгек жолун Кыргыз Автономиялуу областынын Академия борборунун жооптуу катчысы, 1926-жылы ал мекеменин төрагасы, Кыргыз АССРинин Эл Агартуу комиссары, Илим изилдөө институтунун сектор башчысы, «Жаңы маданият» журналынын жооптуу редактору, Кыргыз Улуттук театрында директор болуп иштеген.
1931-1937-жылдары Кыргыз педагогикалык институтунда кыргыз тили боюнча лекция окуган. Илимий-окутуучулук эмгеги үчүн 1932-жылы доценттик, 1936-жылы Кыргызстанда биринчи жолу профессордук наам ыйгарылган. Ал кыргыздын улуттук басмасын түзүүгө катышкан, адегенде араб жазмасын колдонуп, анан латын тамгасына, кийин орус жазмасына өтүүгө үндөгөн.
Окумуштуу кыргыз тили боюнча алгачкы китептерин «Окуу китеби» (1924), «Чоңдор үчүн алипбе» (1926), «Биздин тил» (1927), «Кыргыз тилинин морфологиясы» (1934), «Кыргыз тилинин синтаксиси» (1936) жана терминологиялык сөздүктү түзгөн.
1925-жылы Москвада чыккан «Касымдын ырларынын жыйнагы» аттуу китебине 32 оригиналдуу ыры, «Жаңыл Мырза» аттуу көлөмдүү поэмасы жана орус жазуучусу И. Крыловдун «Ийнелик менен кумурска» деген тамсилинин котормосу киргизилген деп баса белгиледи. Сөз Илимдер Академиясынын академиги Б. Орузбаевага берилип, К. Тыныстанов кыргыз эли үчүн абдан чоң эмгек өтөгөндүгүн, саясий куугунтуктоолорго туш болгонун, ошого карабастан кыргыз тили үчүн абдан чоң эмгек калтырганын баса белгиледи. Сөз белгилүү драматург, жазуучу Мар Байжиевге берилип, К. Тыныстанов драматургия жанрына салымын кошуп, 1931-жылы замандаштары менен биргеликте «Академиялык кечелер» деген жалпы ат менен чакан пьесаларды жараткандыгын, К. Карасаев, У. Абдукаимов, Т. Саманчиндер менен «Манас» эпосундагы «Чоң казат» эпизодун орусча которуу ишине да катышкандыгын айтып өттү. Сөз белгилүү жазуучу Казат Акматовго берилип, 1928-1936-жылдары ага каршы газета-журналдарга чыккан макалаларда, партиялык токтомдордо, чогулуштарда «Контрреволюциячыл», «Улутчул», «байчыл» деген жалган жалаа менен күнөөлөнүп, 1937-жылы «Эл душманы» катары камакка алынып, 1938-жылы атууга өкүм чыгарылгандыгына кейип, миң жылда бир жаралчу инсандын кадыр-баркына жетпегенибизге кейиди. Окумуштуунун адабий мурастары жөнүндөгү тарыхый чындыкты калыбына келтирүү чечилип 1989-жылдын 28-декабрында кабыл алынып ишке ашкандыгын айтып өттү. Жазуучу Максүтов Бактыбек К. Тыныстановдун кайталангыс инсан экендигин, ошол убактарда ага тең келген киши болгон эмес, тагдырынын татаал болгондугун, кыргыз эли үчүн өтө бийик иш жасагандыгын, кыргыз эли Касым Тыныстановду сыйлашыбыз керек деди.
К. Тыныстановдун тууганы, техника илимдеринин доктору, профессор Жаныбеков Чабалдай, К. Тыныстановдун иниси Боталынын кызы Иманалиева Жеңиш, «Тамчы» айыл кеңешинин төрагасы Абдылдаев Таштан XX кылымдын тарыхында унутулгус инсан, алгачкы агартуучу К. Тыныстановдун кыргыз тил илимине кошкон зор салымы баа жеткис экендигин эскеришип, Улуттук китепкананын жетекчилигине, келген конокторго жердештеринин атынан терең ыраазычылыгын билдирип өтүштү.
Ошентип, тагдыры татаал, бирок өмүрү урпактарга өрнөк болуучу уюткулуу инсандын ысымы кеч болсо да өз элине кайтып келди. Анын ысмы Каракол мамлекеттик университетине берилди, Бишкек,Каракол шаарларында жана анын туулган Чырпыкты айылына айкели орнотулган. 1991-жылы 5-декабрда К. Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлык белгиленген, анын ысмы Бишкек шаарынын бир көчөсүнө коюлган.
Көргөзмөгө мамлекеттик, коомдук ишмерлер, маданий жана илимий кызматкерлер, акын-жазуучулар, студенттер, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, К. Тыныстановдун туугандары, жердештери катышышты.

Последнее обновление ( 04.10.2011 )
 
< Пред.   След. >