Главная страница  
22.07.2017
Мы в соцсетях
FacebookInstaGramFlickr
Кто он-лайн
Сейчас на сайте:
Гостей - 4
Курбанаалы Сабыровдун 70 жылдык эскерЇЇ кечеси
16.04.2012
    2012-жылдын 12-апрелинде саат 1100дө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Мезгилдүү басмалар залында кыргыздын таланттуу акыны Курбаналы Сабыровдун 70 жылдыгына арналган
«…Лейлек жергем - өрүкзардуу аймагым
Өрүгүңдүн ширесине кангамын.
Өмүр бою жаза турган ырыма,
Өмүрүңдөн шириндикти алгамын...» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү, эскерүү кечеси жана жаңы китептердин бет ачары.
   2012-жылдын 12-апрелинде саат 1100дө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Мезгилдүү басмалар залында кыргыздын таланттуу акыны Курбаналы Сабыровдун 70 жылдыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмөсү, эскерүү кечеси жана жаңы китептердин бет ачары өткөрүлдү.
   Улуттук китепкананын директору, профессор Ж. К. Бакашова китеп-сүрөт көргөзмөнү ачып, төмөнкүлөргө токтолду.
    1966-1969-жж. Баткен райондук «Кызыл Туу» гезитинде кабарчы, 1969-1974-жж. Ош облусттук радио уктуруусунун редактору, башкы редактордун орун басары, 1974-жылы КСЭде редактор, 1975-жылы «Кыргызстан пионери» гезитинде кабарчы, 1975-1981-жж. «Кыргызстан» басмасында редактор болуп иштеген. Анын алгачкы ырлары райондук гезитке басылып, андан кийин анын ырлары облусттук, республикалык басылмаларда, журнал, альманахтарда кез-кези менен басылып келген.
     Курбаналы Сабыровдун «Козу Баглан», «Нур булак», «Өрүкзар», «Жүрөктөгү күн», «Орто жаш» ырлар жыйнактары катары менен басмадан басылып, окурмандардын кызыгуусун арттырган. Анын «Керээз» аттуу ыр китеби жогорку аталган китептерден иргелип алынган көлөмдүү ыр жыйнагы болуп эсептелет . Бул китеп анын чыгармачылыгын толук камтыган, акындык жүзүн окурмандарга дана көрсөткөн китеби болуп калды. «Керээз» жыйнагы үчүн Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаттыгы ыйгарылган деп баса белгиледи. Сөз Жогорку Кеңештин депутаты Эгемберди Эрматовго берилип, ал К. Сабыров өзүнчө бир оригиналдуу акын, ширин, таттуу сөздөрү кыргыз поэзиясынын сабынан өз убагында чыга баштаган. Ошол кезде СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болуш өтө кыйын болчу, ал эми К. Сабыров  ЖС мүчөсү эле. Курбаналынын бир бактысы - кишиге кылган мамилеси, салабаттуулугу, маданияттуулугу өтө жогору эле, акын аз жашады, аз жашаса да кыргыз элине өзүнүн ырларын калтырып кетти эскерип өттү.  Кыргыз Эл акыны А. Өмүркановго, Эл жазуучусу М. Абакировго, акын М. Ааматовдорго сөз берилип, алар К. Сабыровдун поэзиясы, ыр дарыя эле, ал дарыя бүгүнкү күндө да шаркырап агып турат, кыргыздын поэзиясынын эң чордонунда К. Сабыров жүрчү.  Курбаналы Сабыровдун кудурети анын поэзиясы, “Козу Баглан”, “Өрүкзар” аттуу ырлар жыйнагы бар үчүн анын ырлары азыр да жашап жүрөт деп эскерип өтүштү. Э. Эрматов, М. Ааматов өзүнүн К. Сабыровго арнаган ырларынан көркөм чеберчиликте окуп беришти. Жыйынтыктоочу сөз К. Сабыровдун кызы Л. Сабыровага берилип ал, бүгүнкү иш-чарага катышып жаткан бардык акын, жазуучуларга, депутаттарга, студенттерге, китепкана кызматкерлерине, К. Сабыровдун поэзиясын сүйүүчүлөргө терең  ыраазычылык билдирди. “Нурборбор” академиясынын алдындагы “Жаңы толкун” адабий клубунун жаш акындары Н. Мамытбаев, Г. Абдрахманова, Н. Айтбековалар К. Сабыровдун ырларынан көркөм окуп беришти. КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Б. Тургумбаев, композитор М. Жороевдер К. Сабыровдун “Козу Баглан”, “Ушунчалык төгүлбөчү”, “Шаардык сулууга” аттуу обондуу ырларынан аткарып беришти. Көргөзмө катышуучулар тарабынан кызуу колдоого алынып, өз максатына жетти.
  Көргөзмөдө акын жөнүндөгү маалыматтар, китептер, газета-журналдар, публикациялар, макалалар, сүрөттөр, сыйлыгы орун алган.
  Көргөзмөгө депутаттар, коомдук ишмерлер, илимий кызматкерлер, акын-жазуучулар, студенттер, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, окурмандар К. Сабыровдун туугандары катышышты.
 
< Пред.   След. >
EnglishKyrgyzRussian