Главная страница arrow Кыргызстан. Дни. Люди. События arrow Бакы Омуралиев  
27.03.2017
Бакы Омуралиев
26.02.2013
Драматург жана актер Б. Өмүралиев 1932-жылы 1-январда Нарын областына караштуу Жумгал районунун Жаңы-Арык (мурдагы Базар-Турук) кыштагында туулган.
1941–1949-жылдары райондун борбору Чактеги жетим балдар үйүнөн тарбияланып, 1951-жылы орто мектепти бүткөндөн кийин окууда да, коомдук иштерде да өзүнүн жөндөмдүүлүгүн, демилгелүүлүгүн көрсөткөн жаш улан жетекчи мугалимдеринин кеңеши менен борбордогу музыкалык окуу жайына тапшырган.
Ал жерден белгилүү композитор К. Молдобасанов жана башка искусство чеберлеринен билим алып, 1955-жылы Ташкенттеги А. Н. Островский атындагы көркөм өнөр институтунун актерлук бөлүмүнөн окуп, 1975-жылы Москвадагы жогорку адабий курсту бүткөн.
Алган теориялык билимин практика менен айкалыштырып, Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында актер болуп иштеген. А. Грибоедовдун “Акылдан азап” спектаклинде Молчалиндин, В. Шекспирдин “Король Лиринде” Шуттун, Р. Шүкүрбековдун “Акындын үмүтүндө” Токтогулдун кейипкерлерин чебер жаратты.
1975–1984-жылдары Кыргызстан жазуучулар Союзунда адабий кеңешчи, башкармасынын катчы-сы, маданият министрлигинин репертуарлык-редакциялык коллегиясында редактор болуп иштеген.
Б. Өмүралиев чыгармачылык ишин 1960-жылы баштаган. Анын “Ата сөзү ар-намыс” аттуу пъесасы 1963-жылы драм театрда коюлган. Ага удаалаш эле “Тагдырдын өгөй балдары”, “Жаңырык”, “Сел”, “Сирена”, “Мен билем, тоолор билет”, “Жолчубектин көпүрөсү”, “Ыйык жер”, “Райымсыз ража”, “Кыйышпастар”, “Адептүүлүктүн бир айы” сыяктуу көп жана бир көшөгөлүү комедия, пъеса, драмалары жаралды.
Пъесалары республикабыздын профессионалдык жана элдик театрларында коюлуп келе жатат. Айрымдары Бүткүл союздук, республикалык конкурстарда байгелүү орундарды жеңип, сыйлыктарга татыктуу болгон.
1996-жылы Ташкентте өткөн Орто Азия өлкөлөрүнүн фестивалында “Найман эне” деген пьесасы баш байге – гранприни жеңип алган.
Көптөгөн публицистикалык сын-макалалар да драматургдун калемине таандык. Басмадан “Жаңы-рык” (1970), “Мен билем, тоолор билет” (1982), “Пъесалар” (1984) жана башка драмалар жыйнактары жарык көргөн, айрым чыгармалары орус, украин тилдерине которулган.
Б. Өмүралиев “Муз жүрөк жөнүндө баян”, “Алыскы тоолордо”, “Тянь-Шандык кыз”, “Космонавт-тар көчөсү” аттуу тасмага да тартылып, кинодо бири-бирине окшобогон кулк-мүнөзү жагынан татаал кейипкерлерин чоң чеберчиликте аткарууга жетишкен.
Адабият жана искусствого сиңирген эмгеги жогору бааланып, ага “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наам ыйгарылган, медаллдар, грамоталар менен сыйланган.
Ал 2003-жылы дүйнөдөн кайткан.

ӨМҮРАЛИЕВ Б. Пъесалар. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 350 б.; КАЗАКБАЕВ Д.
Үркөр топ жылдыздын үлкөнү // Эркин Тоо. – 2002. – 15-нояб. – № 85. – Б. 2;
КАРЫМШАКОВ С. Туулган жердин туурунда // Кыргыз маданияты. – 1992. – 13-февр. – № 7. – Б. 2.
 
< Пред.   След. >