Главная страница arrow Кыргызстан. Дни. Люди. События arrow Александр Николаевич Скрябин  
28.04.2017
Александр Николаевич Скрябин
26.02.2013
Орус элинин таланттуу композитору жана пианист А. Н. Скрябин 1872-жылы 6-январда Москвада
адабият менен искусствого алдыңкы көз караштары бар үй-бүлөдө туулган. Ал 6 жашынан эле фортепианодо ойной билген. Болочок музыканттын жан дүйнөсүнө музыка
улам көбүрөөк таасир берип, таланттуу өспүрүм 13 жашынан тартып музыка чыгара баштаган. 16
жашында Москва консерваториясына кирип, өзүнүн турмуш жолуна биротоло багыт алган.
1892-жылы консерваториянын фортепиано классын алтын медаль менен аяктап, чет өлкөлөргө
командировкага барып концерт берген. Көрүнүктүү пианист катары калктын калың катмарына
таанылган. 26 жашында ага профессор деген наам берилген. Көп жылдар бою консерваторияга сабак
берип, чыгармачылык таланты, камкор мамилеси менен студенттердин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.
Эң мыкты пианисттерди даярдап чыгарган. Алгачкы чыгармаларына “Кыял” аттуу симфониялык
прелюдиясы кирет. Кийин ага удаалаш “Экзтаз поэмасы” (1907), “Прометей” (1910), “От поэмасы”
деген симфониялык поэмаларын жараткан.
А. Н. Скрябин 19–20-кылымдагы эң таланттуу жана көрүнүктүү композиторлордун катарында турат.
Артында чыгармачылык мурастары калган. Фортепиано үчүн жазылган 200дөн ашык чыгармалардын,
сонеталардын, миниатюралардын, этюддардын автору. Чыгармалары композиторлордун жана аткаруу-
чулардын кийинки муунуна чоң таасир берген.
Өз мезгилинде композитордун музыкасына, талантына Римский-Корсаков: “Чолпон жылдыздай
жанып турган жаңы талант” – деп баа берген. Өзүнүн чыгармаларында Шопендин, Чайковскийдин
традицияларын терең өздөштүргөн.
Композитордун дайыма элди-жерди сүйүүгө, күрөшкө чакырган музыкалары бүгүнкү күндө да
өз баасын жоготпостон концерттик сахнада ойнолуп, теле-радиодон берилип музыка сүйүүчүлөргө
эстетикалык ырахат тартуулап келе жатат.
Ал 1915-жылы 14-апрелде Москва шаарында дүйнөдөн кайткан.
СКРЯБИН А. Н. // Кыргыз Совет Энциклопедиясы. – Ф., 1980. – Т. 5. –Б. 328.;
ОМОРОВ М. Композитор жана пианист // Кыргызстан маданияты. –1972. – 5-янв. –
№ 1. – Б. 15; ЖЕРЕБКЕР М. Көрүнүктүү композитор // Сов. Кыргызстан. – 1972. –
6-янв.
Последнее обновление ( 26.02.2013 )
 
< Пред.   След. >