Главная страница arrow Кыргызстан. Дни. Люди. События arrow Байдылда Сарногоев  
27.03.2017
Байдылда Сарногоев
26.02.2013
Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыктын лауреаты Б. Сарногоев 1932-жылы 14-январда Талас районунун Чоң-Чычкан (азыркы Бекмолдо) айылында туулган. Ал алгач 6-класска чейин айылдык мектептен окуп, Бишкектеги № 5 мектеп-интернатын 1951-жылы бүтүп, Москвадагы А. М. Горький атындагы адабият институтунан окуган.
1956-жылы окуусун ийгиликтүү аяктап, 1959-жылга чейин “Ала-Тоо” журналында бөлүм башчы, 1959–1957-жылдары жазуучулар Союзунда адабий консультант болуп иштеген.
Акындын чыгармачылык ишинин башаты 13 жашында башталып, “Жаз келди” деген ыры “Буденный” райондук газетасына жарыяланып, ошондон баштап ырлары республикалык басмаларга үзгүлтүксүз чыгып турган.
1952-жылы акындын “Шумкар” аттуу туңгуч ырлар жыйнагы басмадан чыгып, ага удаа эле “Досторума”, “Бала мерген”, “Баяс”, “Жоокен”, “Ак калпак”, “Тоолор жана тоолуктар”, “Үзүлбөгөн үмүттөр”, “Сүйлөшүү”, “Менин батпас күнүм”, “Тандалган чыгармалар”, “Таалай өлбөйт”, “Ашуудан берген отчетум”, “Тандалган ырлар, поэмалар, термелер”, “Байдылда” аттуу ырлар жана ыр жыйнактары басмадан жарык көрдү.
Б. Сарногоевдин поэзиясы өзүнүн түшүнүктүү ыргагы, обондуу формасы жактан уюштурулушу боюнча элдик поэзия менен өзөктөш. Ошондон улам акындын ырлары элдик ырлар сыяктуу окурман-дардын калың катмарына сиңип, көп ырларына обон чыгарылган.
Анын биринчи өзгөчөлүгү – чыгармаларында баштан аяк өзүнүн личносту катышып, турган турпаты, оң-терс кыял-жоругу, жүрүш-туруш манерасы аркылуу кошо көрүнүп, бирде олуттуу көрүнүп, бирде ачуу ойлонтуп, кээде сүйдүрүп, кээде күйдүрүп, ар кандай жагдайларга туш кылат. Акындын чыныгы акындык таасиринин күчү ушунда.
Б. Сарногоевдин адабиятка сиңирген эмгеги жогору бааланып, А. Осмонов атындагы адабий сыйлык (1986), Казакстан Республикасынын эл аралык “Алтын көпүрө” сыйлыгы жана 2000-жылы “Байдылда” аттуу жыйнагы үчүн Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык ыйгарылган. 2002-жылы I даражадагы “Манас” орденине татыктуу болгон. Бир нече медалдар, грамоталар менен сыйланган.
Ал 2004-жылы дүйнөдөн кайткан.

САРНОГОЕВ Б. Байдылда: Тандалган ырлар, поэмалар, термелер / Түз.: А. Өмүрканов. –
Б.: Кыргызстан, 1997. – 360 б.; КЫРГЫЗ деп келгем дүйнөгө, кыргыз деп өтөм дүйнөдөн // Кыргыз руху. – 2008. – 31-янв. – № 3. – Б. 8; САТЫКУЛОВ О. Түбөлүк тирүү акын // Эркин Тоо. – 2007. – 27-февр. – № 15. – Б. 9; АТАБЕКОВ Б. Акындын асыл чебери, Байдылда кайда бекинди? // Кыргыз Туусу. – 2006. – 12-14-дек. – № 95. –
Б. 12.
Последнее обновление ( 26.02.2013 )
 
< Пред.   След. >