Главная страница arrow Кыргызстан. Дни. Люди. События arrow Геннадий Базаров  
23.03.2017
Геннадий Базаров
27.02.2013
Кыргыз Республикасынын кино өнөрүнүн өсүшүнө өзүнүн салымын кошкон кинорежиссер, сценарист Г. Базаров 1942-жылы 14-майда Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. Орто мектепти бүтүп, 1959-жылы “Кыргызфильм” киностудиясында иштеп эмгек жолун баштаган. Алгач жумушчу, оператордун жетекчиси, кийин режиссердун жардамчысы болуп иштеген.
Мурда киноискусствонун тармагынын сырын билбеген, тажрыйбасы жок боз улан режиссердун жардамчысы болуп иштегенден баштап, мезгилдин агымы менен ишке каныгып, өзүнө тажрыйба топтоп кино өнөрүнүн жашыруун сырларын үйрөнө баштайт.
1965-жылы М. Элебаевдин “Бороондуу күнү” жана “Зарлык” деген аңгемесинин негизинде “Тайгак кечүү” тасмасын жараткандар аны улуттук кийим боюнча сүрөтчү болуп иштөөсүн сунушташат. Жаш сүрөтчү мындай жооптуу ишти өз мойнуна алып ролдорго ылайыктуу чыныгы улуттук колориттеги кийимдерди жаратып ийгиликтүү эмгектенген. Өзүнүн билимин, чыгармачылык адистигин көтөрүү үчүн Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунун режиссерлук бөлүмүнө кирип, аны 1966-жылы бүткөн. Окуп жүргөн мезгилинде эле кыска метраждуу “Намаз окуу” жана “Тыныгуу” аттуу киноновеллаларды тартып, кино өнөрүнө болгон кызыгуусу арткан. 1965-жылы М. Элебаевдин “Бороондуу күнү”, “Зарлык” деген аңгемелеринин негизинде “Тайгак кечүү” тасмасын тарткандар Г. Базаровдун улуттук кийим боюнча сүрөтчү болуп иштөөсүн сунушташкан.
Ал мындай жоопкерчиликтүү ишти мойнуна алып, ролдорго ылайыктуу чыныгы улуттук колориттеги кийимдерди жаратып ийгиликтүү эмгектенген.
Жазуучу Ч. Айтматовдун “Саманчынын жолу” аттуу повестисинин негизинде ал дипломдук иши катары, 1967-жылы “Саманчынын жолу” деген көркөм кинону дипломдук иши катары тасмага тарткан. Бул фильм жаш режиссердун дебюту болсо да, автор үчүн чоң табылга эле. Режиссерлук көрөңгөсү, чыгармачылык дарамети анн дипломдук иши катары тарткан тасмасы аркылуу эл көзүнө көрүнүп оозго алынды. Улуттук киноискусствобуздун байышына бул тасманын кошкон салымы зор болду. Г. Базаров 1968-жылы Орто Азия жана Казак Республикалары үчүн кароо сынакта 1-сыйлыкка татыктуу болгон.
Анын эң мыкты деп саналган “Буктурма” (1969), “Көчө” (1972), “Көз кареги” (1976), “Биринчи” (1984), “Бойго жеткендер үчүн баш калкалоочу жай” (1986), “Айың” (1989), “Аномалия” (1991), “Карагыз” (2003), “Метаморфоза” (2007), “Исход” (2008) аттуу көркөм тасмалары анын өз каармандарына окшоп тынч албаган талбай изденген сүрөткер экендигин ачык көрсөтүп турат.
Кинорежиссер жалаң эле кино тармагында гана изденбестен кино өнөрүнүн башка түрлөрүндө ар кыл жанрларда да талбай изденип, ар кыл мүнөздөгү даректүү “Жазуучу”, “Оркестр”, “Сугатчылар”, “Юбилей” аттуу даректүү тасмаларды жана “Айтматов” деген толук көлөмдүү телефильмдерди да жараткан.
2003-жылы “Кыргызтелефильм” студиясында драматург Ж. Өзүбекованын пьесасы боюнча “Карагыз” аттуу видеофильмди тарткан. Фильмдеги окуя СССР тарагандан кийинки кыргыз элинин өткөөл мезгилдеги жашоосунун оорчулугу үй-бүлөдөгү трагедия, баңгиликке, ичкиликке берилүү, арабада олтурган майып кыздын көзү аркылуу чагылдырылып жеткиликтүү берилген. Ошол майып кыздын образы аркылуу эркин республикабыздын символу катары берилген.
Толук метраждуу бул фильм алгач Москвадан кинематографисттер конфедерациясынын борборунда көрсөтүлүп, анан алар тарабынан Ялта шаарында өткөн V эл аралык кинофорумга сунушталган. Гран-прини жеңип алып, андан тышкары да “Мыкты режиссердук иши үчүн”, “Мыкты сценарий үчүн” деген “Мосфильмдин” атайан баалуу сыйлыктарына татыктуу болушкан.
Г. Базаров кино тартуу иши менен гана чектелип калбастан адабиятта да өзүнүн дараметин сынап “Инсанга учкай жанашуу”, “Пауза для размышления”, “Гримаса” деген повесттерди да жазган. Анын “Инсанга учкай жанашуу” аттуу повести 3 ирет басмадан басылып чыгып, жазма өнөрүнүн деңгээлинин канчалык бийик даражада экендигинен кабар берип турат. Китептин жасалга сүрөттөрү да автордун колунан тартылып, кинорежиссердун чыгармачылыгы көп кырдуу, көп сырдуу, ар тараптуу сүрөткер экендигин айгинелеп турат.
Республикабыздын маданият тармагынын өнүгүп-өсүшүнө өзүлөрүнүн барандуу салымдарын кошушкан искусствонун айрым ишмерлери Н. Байтемиров, А. Токомбаева, А. Темирова, Г. Ажибекова ж.б. кинопортретинин галереясын түзгөн. Телерадиокомпаниясында автордук “Альтернатива” программасын алып баруучусу болуп иштеген.
Эмгеги бааланып Кыргыз Республикасынын эл артисти деген ардактуу наам берилген, “Ардак белгиси” ордени жана медалдар менен сыйланган.


БАЗАРОВ Г. “Каармандарым: сойкулар, алкоголиктер, бомждор, түрмөдө олтургандар...” / Маектешкен А. Сталбек кызы // Асаба. – 2000. – 28-апр. – Б. 8; СЕКИМОВ А. Талант такай жаңылык // Эркин Тоо. – 1992. – 16-май. – Б. 6; АБДЫКАСЫМОВА Ш. Келечектүү ишмер // Кыргызстан маданияты. – 1977. – 6-янв. – Б. 10.
Последнее обновление ( 27.02.2013 )
 
< Пред.   След. >