Главная страница arrow Кыргызстан. Дни. Люди. События arrow Асанкул Шаршенов  
23.03.2017
Асанкул Шаршенов
27.02.2013
Кыргыз элине өзүнүн тууроочулук, куудулдук өнөрү менен белгилүү болгон куудул А. Шаршенов 1927-жылы 23-майда Сокулук районунун Жал айылында туулган. Ал бала чагынан эле элдик оозеки чыгармачылыкка, айрыкча куудул, куйкум сөзгө, жанытма, чымчыкейлерге жакын болуп өскөн.
Ал 1949-жылы ал М. Күрөңкеев атындагы музыкалык хореографиялык окуу жайынан окуп билим алган.
Эмгек жолун 1950-жылы Т. Сатылганов атындагы филармониянын хоруна солист болуп кабыл алынып баштаган.
А. Шаршенов 1958-жылы Москвада өткөн кыргыз маданиятынын декадасына катышып, 1962-жылдан баштап сатира жанрына өтүп, белгилүү сатирик акындар М. Алыбаев менен Р. Шүкүрбековдун “Ак чүч”, “Бюрократ”, “Жалкоо”, “Калпак”, “Молдолордун жоруктары”, эл куудулу Ш. Термечиковдун “Күйөө жолдош”, К. Жантөшевдин “Калыстык жана калп”, М. Байжиевдин “Бопуштун кайгысы” деген интермедияларын жогорку чеберчиликте аткарып, көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, чыгармачылык тушоосу кесилген.
Анын репертуары көбүнчө турмуштук терс көрүнүштөрдү, жоосунсуз жоруктарды ашкерелеген сатириктер менен драматургдардын чыгармаларынан турган. Ал аткарган чыгармаларында аткаруучулук талантын таасын көрсөтүп, жашоодогу терс, одоно көрүнүштөрдү келекелеп, адамдарды кеңпейилдүүлүккө, адилеттүүлүккө, калыстыкка чакырган.
Куудул-артисттин жүрүш-турушу, сахнада өзүн алып жүрүүсү эле күлкүнүн башаты болчу. Учурунда бир нече телефильмдерге жана “Кыргызфильм” тарткан “Арман” аттуу киного да тартылган.
Искусствого сиңирген эмгеги коомчулук тарабынан жогору бааланып, 1987-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти деген наамга татыктуу болгон жана медалдар, Ардак грамоталар менен сыйланган.
Ал 1993-жылы дүйнөдөн кайткан.

ШАРШЕНОВ А. Күлкү – ден соолуктун мүлкү / Маектешкен С. Маймулов // Кыргызстан маданияты. – 1979. – 30-авг. – Б. 10; ШАРШЕН // Куйкум сөздүү куудулдар: (Эл шайырларынын күлкүлүү жорук-жосундары, окуялары) / Түз.: Рахман уулу Б. – Б., 2002. – Б. 3–12.
Последнее обновление ( 27.02.2013 )
 
< Пред.   След. >