Главная страница arrow Кыргызстан. Дни. Люди. События arrow Айым Айтбаева  
28.04.2017
Айым Айтбаева
27.02.2013
Балдар жазуучусу, коомдук ишмер, журналист А. Айтбаева 1917-жылы Жети-Өгүз районуна караштуу Челпек айылында туулган. ектебине которулат. Андан кийин Ленинград шаарындагы Герцен атындагы пединституттан 3 жыл окуп, бирок ден соолугуна байланыштуу кайра кыргыз пединститутуна которулуп келген.
1940-жылы институтту бүтүп, “Кызыл Кыргызстан”, “Ленинчил жаш”, “Кыргызстан пионери” газетасында иштеп, катардагы адабий кызматкерден баштап, жооптуу редакторлук кызматка чейин көтөрүлгөн.
А. Айтбаева газетада иштеген жылдарында эле ал балдардын жан дүйнөсүнө кызыгып, алардын психологиясын, ой-кыялдарын терең ачып берүүгө аракеттенип, 1936-жылы балдар дүйнөсүнө арналган “Кара балапан”, “Биринчи мектеп” аттуу эң кызыктуу аңгемелерин жазган.
Андан кийин “Сырдуу коңгуроо” (1960), “Турмуш чакырат” (1960), “Атанын жагоосу” (1963), “Торсогой” (1964), “Атанын аманаты” (1971), “Жер астында эмне жашайт” (1974), “Эне үмүтү” (1975), “Атанын жагоосу” (1982) деген балдарга арналган повесттер жана аңгемелер жыйнактары балдарды патриоттуулукка үндөгөн чыгармалары басмадан басылып чыккан.
Ал жеке эле жазуучу эмес, коомдук ишмер катары да кыргыз журтчулугуна белгилүү. 1949–1950-жылдары Кыргызстан Ленин Жаштар Союзунун БКнин катчысы болуп иштеп, 1950–53-жылдары КПСС БКнин алдындагы жогорку партиялык мектебинен окуп, БКнин мүчөлүгүнө шайланган.
Бир топ жылдар бою республикадагы басма сөздөгү жашырын сырды сактоо башкармасынын төрагасынын милдетин аткарган. Кайсы гана иште иштебесин мүнөзү ошол жерге бап келип, ак дили менен жанын үрөп иштеген.
Анын журналистика жаатында да кылган кызматы абдан баалуу. 1960-жылдан тартып “Кыргызстан аялдары” журналында жооптуу катчы болуп иштеп, “Бир портреттик сыры”, “Бир заводдун ветераны” деген көркөм очерктери, “Жалыны өчпөйт”, “Сүйүү жана кейинүү”, “Өмүр жана өлүмдүн чек арасы”, “Тагдыр ээси”, “Коммунисттин кызы”, “Эркин өлкөнүн бактылуу балдары” аттуу публицистикалык чыгармалары аркылуу өз окурмандарынын жүрөгүнөн түнөк тапкан.
Жазуучу адабий аренада кыргыз кыз-келиндеринин арасынан чыккан тунгуч романчы катары да белгилүү. Анын “Тамчы кан” деген романы көп жылдык чыгармачылык изденүүсүнүн натыйжасында өтө жогорку деңгээлде идеялуу жазылган көркөм чыгарма болуп саналат.
Бул чыгармасында интеллигенциянын өкүлдөрүнөн болуп саналган кыргыздын кыз-келиндери менен аялдарынын илим-билимге болгон умтулууларын образдуу чагылдырып берген.
А. Айтбаеванын чыгармалары чех, эстон, орус, немец тилдерине да которулган.
Эли үчүн кылган ак коомчулук тарабынан жогору бааланып “Ардак белгиси” ордени, бир нече медалдар, Ардак грамота менен сыйланган.
1975-жылы дүйнөдөн кайткан.


АЙТБАЕВА А. Тамчы кан: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 447 б.
МАНСУРОВ Б. Улуу адамдардын өмүрү өлгөндөн кийин башталат // Кыргыз Туусу. –
2007. – 25–27-дек. – № 100. – Б. 4; МУКАМБЕТ КЫЗЫ Д. Баткан жылдыз // Ала-Тоо айымы. – 1993. – № 2. – Б. 8; КАЛЫЕВА Ө. Айым эженин эстелиги // Эркин Тоо. –
1993. – 19-май.
Последнее обновление ( 27.02.2013 )
 
< Пред.   След. >