Главная страница arrow Кыргызстан. Дни. Люди. События arrow Болот Бейшеналиев  
27.03.2017
Болот Бейшеналиев
27.02.2013
Кинематография өнөрүнүн өсүп-өнүгүшүнө өзүнүн чоң салымын кошкон, жеке эле кыргыз журтчулугуна эмес, мурдакы союздук республикаларга чейин таанымал инсан Б. Бейшеналиев 1937-жылы 25-июнда Кемин районуна караштуу Калмак-Ашуу айылында туулган.
Орто мектепти бүткөндөн кийин колхоздо иштеп, анан опера, балет театрынын алдындагы студиядан окуп, 1962-жылы Ташкент шаарындагы театр өнөр институтунун актерлук бөлүмүн бүткөн. 1963-жылы “Кыргызфильм” киностудиясында ассистент-режиссер, актер, 1992-жылдан баштап Республикалык жаштар театрында иштеген.
Б. Бейшеналиевдин кинодогу чыгармачылык өнөрү 1964-жылы башталган. “Кыргызфильмде” кинорежиссер М. Убукеев реалист жазуучу М. Элебаевдин “Узак жол” аттуу чыгармасы боюнча “Тайгак кечүү” аттуу фильмин тарткан. Анда Болот боз үйдүн ээсинин ролун аткарып тартылган. Ошол эле жылы күз айында “Мосфильм” киностудиясынан келген кинорежиссер А. Михалков-Кончаловский жазуучу Ч. Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестин экрандаштыра баштайт. Бейшеналиев да пробадан өтүп, бир эле мезгилде Дүйшөндүн да образын жараткан. Актердун кинодогу баркын – Дүйшөн алып келип, тагдыр жолундагы таалайын ачкан ошол тасма болуп саналат.
Ал “Кыргызфильм” киностудиясынан өзүнүн тушоосун кесип, СССРдин убагында көп студияларда иштеп, башкы жана экинчи ролдорду ойноп, бир нече кинолорго тартылып көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурдуруп кино жаатында белгилүү актер болуп калды. Алсак, “Ак Мөөрдө” – Болоттун, “Андрей Рублевдо” – хандын, “Саманчынын жолунда” – Касымдын, “Жамийлада” – сүрөтчүнүн, “Бошотууда” – Сулаймановдун, “Жетинчи окто” – дезертирдин, “Ак шамда” – Вапыскаттын, “ТАСС билдиретте” – Лаонун, “Ташка баткан элестерде” – Э. Акаевдин, “Келгин куштарда” – Каюмдун, “Абурайхан Бируниде” – Спауттун, “Кызыл кумда” – Миркамилдин, “Гоби жана Хинган аркылууда” – Сиро Иссинин, “Көз карегинде” – Эркин Шатмановдун, “Шайтандын мөөрүндө” – академик Мамбетовдун, “Манас ааламында” – дубананын жана башка аткарган образдары аркылуу таанылган.
Өмүрүнүн 16 жылын өз мекенинен алыс жерде “Мосфильмде” иштеп, экранда калган көп сандаган элестерди жаратып ар кандай мүнөздөгү колориттүү кейипкерлерди мыкты аткарып, кино өмүрүнүн өнүгүшүнө өз салымын кошкон.
Актердун Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында иштегендиги жалпы журтчулукка анчейин деле маалым болбосо керек. Б. Жакиевдин “Алтын аяк” драмасында – Турардын, Н. Хикметтин “Унутулган адамда” – ассистенттин, М. Каримдин “Ай тутулган түнүндө” – Дербиштин, Ч. Айтматов менен К. Мухаммеджановдун “Фудзиямадагы кадыр түнүндө” – Исабековдун, М. Байжиевдин “Ар бир үйдө майрам”, “Төрт адам” аттуу спектаклдеринде башкы ролдорду аткарып, театр көрүүчүлөрдүн да купулуна толуп, сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.
60–80-жылдары Кыргыз киносу союздук эл аралык деңгээлде жогору бааланып “Кыргыз керемети” деген сыйлуу атакка татыктуу болгону жалпыга жакшы маалым. Мына ошол “Кыргыз кереметинин” пайдубалын түптөөгө актер Б. Бейшеналиев да өзүнүн ири салымын кошкон.
Кыргыз маданиятынын гүлдөп өсүшүнө, айрыкча кино өнөрүндө кайталангыс таланты менен белгилүү болгон актердун эмгеги жогору бааланып, 1971-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 1997-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти деген ардактуу наамга татыктуу болгон. Монголия Республикасынын “Достук” ордени менен сыйланган. 2000-жылы Казакстандын “Алтын көпүрө” сыйлыгы ыйгарылган.
Ал 2001-жылы дүйнөдөн кайткан.


БЕЙШЕНАЛИЕВ Б. Дүйнө бетин сапар чекчүү булуттар, Ала-Тоодо кыргыз деген улут бар / Маектешкен С. Садыков // Эркин-Тоо. – 2006. – 1-дек. – № 89. – Б. 8.
ШАНОВ Д. Тагдыр жана тасма: Очерк. – Б., 2002. – 95 б.; КЕНЖЕТАЕВА Ж. Кыргыздын кыйын уулдары // Эркин-Тоо. – 2008. – 15-февр. – № 11. – Б. 16; МУРАТАЛИЕВ Т.
Адамдардын сарасы, актерлордун даанасы // Агым. – 2007. – 14-дек. – № 77. – Б. 18.
Последнее обновление ( 27.02.2013 )
 
< Пред.   След. >