Главная страница arrow Мероприятия arrow Ж. Баласагын 1000 жыл. карата "Даанышмандык – тЇбйлЇк йчпйс ысым" аттуу жаЈы китебинин бет ачары  
27.03.2017
Ж. Баласагын 1000 жыл. карата "Даанышмандык – тЇбйлЇк йчпйс ысым" аттуу жаЈы китебинин бет ачары
11.02.2017

2017-жылдын 27-январында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Кытай билим берүү жана маданият борбору залында Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында улуу акын, философ, ойчул, Карахандар каганатынын мамлекеттик ишмери Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган –

«Китеп атын «Кут алчу билим» койдум,

Кутун алсын окурман терең ойдун» аттуу китеп көргөзмөсү, «Даанышмандык – түбөлүк өчпөс ысым» аттуу библиографиялык көрсөткүчтүн бет ачары жана тегерек үстөл өткөрүлдү.

Уюштуруучулар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» фонду, Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы.

Көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фондунун төрагасы, тарых илимдеринин доктору, профессор Т.Чоротегин, тарых илимдеринин кандидаты К. Молдокасымов, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынан К.Сариева, КРнын Билим берүү академиясынан М.Иманкулов, М.. Кожобеков, КМУУнун окутуучулары Ж.Омурова, З.Садырова, Д. Сапаралиев, КМУУнун Тарых факультетинин деканы, профессор А. Беделбаев, кыргыз эл жазуучулары К. Ашымбаев, Г.Момунова, Т.Козубеков, маданият кызматкерлери, ЖОЖдордун студенттери катышышты.

Китеп-сүрөт көргөзмөсүн Улуттук китепкана директору Ж.Бакашова ачты. Ал төмөнкүлөргө токтолду.

Кыргыз эли эзелтен сөз баркын баалай билген, тунук акыл-эстен жаралып, асыл кенчине айланган “рухий азыктарды” урпактарга улуу сабак болсун деп, мурас кылып калтырган. Жусуп Баласагын – кыргыз жана түрк элдеринин мамлекеттүүлүгүнүн тарыхындагы өзгөчө барктуу инсан. Чыгыш мусулман кайра жаралуу доорунун залкар ойчулу, Карахандар каганатынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери мамлекеттик башкаруунун теориясына жана тажрыйбасына, түрк дүйнөсүнүн руханий асыл-нарктарын жана маданиятын өнүктүрүүгө зор салым кошкон .

Өз доорунда мыкты билим алган окумуштуу араб, фарсы, тажик тилдерин өздөштүрүп, көркөм адабият, тарых, астрономия, математика ж.б. илимдерди үйрөнгөн. Жусуп Баласагындын жападан-жалгыз чыгармасы – “Кутадгу билигдин” негизги идеясы Карахандар каганатында идеалдуу өкүмдарды тарбиялоого жана окутууга багытталган.

Бул поэма акылмандык менен бийлик жүргүзүүгө, адамдарга жакшы мамиле кылууга алып барууну жолду көрсөтүү максатында жазылган этикалык-дидактикалык чыгарма болуп эсептелет.

Залкар чыгармасы менен Жусуп Баласагындын ысымы карт тарыхтын барагына өчпөс болуп жазылып калды.

«Даанышмандык – түбөлүк өчпөс ысым» китебинин бет ачар аземи, Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фондунун төрагасы, тарых илимдеринин доктору, профессор Т.Чоротегин, тарых илимдеринин кандидаты К. Молдокасымов, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынан К.Сариевалар сөз сүйлөшүп, бул китеп Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналып 1966-жылдан бүгүнкү күнгө чейинки Жусуп Баласагындын өмүрү жана чыгармасы жөнүндө басмадан жарык көргөн бардык окумуштуулардын ой-пикирлери, илимий иликтөөлөрү камтылгандыгын айтышты. Жусуп Баласагындын эл арасында кадыр-барктуу, ардактуу адам болуп, эл тарыхын, жер тарыхын мыкты билген, калың калк арасында өз билгендерин көркөм сөз менен жеткире алган сөз чебери болгондугун катышуучуларга айтып өтүштү. Иш чара катышуучулар тарабынан колдоого алынып, өз максатына жетти.

Көргөзмөгө Ж. Баласагын жөнүндөгү китептер, газеталык макалалар коюлду.

Последнее обновление ( 11.02.2017 )
 
< Пред.   След. >
EnglishKyrgyzRussian