Башкы бет arrow Пайдалуу макалалар arrow АЛЫКУЛ ОСМОНОВ  
24.03.2017
АЛЫКУЛ ОСМОНОВ
27.01.2011

27 марта 1915 года родился выдающийся поэт Алыкул Осмонов.

 

Кыргыздын белгилүү акыны, чебер котормочу, драматург А.Осмонов 1915-жылы Чүй областынын Жайыл районуна караштуу Каптал-Арык айылында туулган. Ымыркайында апасынан, 3 жашында атасынан айрылып, томолой жетим өскөн. 1919-жылы Бишкектеги жаңы ачылган балдар үйүндө, 1921-29-жылдары Токмок шаарындагы жетим балдар үйүндө, 1929-1932-жылдары Бишкектеги педтехникумунда окуган. Оорунун айынан каралашаар жакын кишисинин жоктугунан окуусун таштап, жаңы уюушулган “Чабуул” адабий журналынын редакциясына кызматка орношкон. 1937-1940-жылдары Кыргызстан жазуучулар Союзунун катчысынын милдетин аткарат. Кийин ал көбүнчө чыгармачылык иш менен алектенет.

Анын биринчи “Уултай” деген ыры 1929-жылы Токмоктогу мектеп интернаттын дубал газетасына жарыяланган. 1930-жылы сентябрь айында “Кызыл жүк” аттуу ыры “Сабаттуу бол” деген (“Кызыл Кыргызстан”) газ. тиркемесине басылган.

Акындын көзүнүн тирүүсүндө оригиналдуу ырлары жана поэмаларынан куралган “Таңдагы ырлар”, “Жылдыздуу жаштык”, “Чолпонстан”, “Махабат”, “Жаңы ырлар”, “Менин жерим – ырдын жери” деген ыр жыйнактары басмадан басылып чыккан. 1939-жылы “Ардак белгиси” ордени менен сыйланган.

А.Осмонов кыргыз журтчулугуна поэтикалык чыгармалардын котормочусу катары да таанымал. Орус классиктери Л.Ю.Лермонтовдун ырларын, “Качкын” аттуу поэмасын, А.С.Пушкиндин “Кышкы кеч”, “Поп жана анын кызматчысы Балда жөнүндө жомогун”, И.А.Крыловдун “Тамсилдерин”, К.Чуковскийдин “Федоранын шору”, С.Маршактын “Өрт”, “Жалкоолор жана мышык”, Ш.Перронун “Жомокторун” которгон.

1941-48-жылдарда персче жазган орто кылымдын азербайжан акыны Низами Гаживинин “Хосров-Ширин”, англиялык драматург У.Шекспирдин “Он экинчи түн” комедиясын, “Отелло” трагедиясын, А.С.Пушкиндин ыр менен жазылган “Евгений Онегин” романын, грузин классиги Ш.Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” дастанын которуп окурмандарга тартуулаган.

Ал драматургияга да көп көңүл бөлгөн. “Ким болду экен?”, “Чолпонбай” операсы үчүн либретто, “Баатырдын өлүмү”, “Ак Мөөр”, “Экинчи бригада”, “Ракыя”, “Корукчу Кооман”, “Абылкасым Жанболотов”, “Күмүш булак”, “Жөнөш керек Меркиге” деген бир жана бир нече көшөгөлүү пьесаларды жазган. “Экинчи бригада” аттуу пьесасы Ысык-Көл областтык драма театрында коюлган.

Акын 1950-жылы 12-декабрда узакка созулган учук оорусунан каза болгон. 35 жашында жарык дүйнө менен кош айтышса да, артында түбөлүк өлбөс чыгармаларын мурас калтырды. Адабиятка сиңирген эмгеги эске алынып коомчулук тарабынан 1967-жылы ага Ленин комсомолу сыйлыгы ыйгарылган. 1985-жылы акындын ысымындагы адабий сыйлык уюштурулган. 1988-жылы Бишкектеги №68-мектепке, №9-китепканага акындын ысымы ыйгарылган. 1990-жылы Каптал-Арыкта мемориалдык музейи ачылган. 1996-жылы “Сорос Кыргызстан” фондусу тарабынан “Көл толкуну” ырлар жыйнагы кыргыз, англис тилинде жарыяланган. 1997-жылы Бишкек шаарына акындын айкели тургузулду. “Балдарга” аттуу ырлар жыйнагы кыргыз, орус, англис тилдеринде жарык көрдү.

А.Осмоновдун ысымы поэзия майданында бийик мунара катары кылым карытып жашай бермекчи.

 

ОСМОНОВ Алыкул. Алыкул: Тандалган ырлар. – Б.: Шам, 2004. – 214 б.; АЛЫКУЛ Осмонов. Балдарга = Детям. For children / Түз. П.Казыбаев. – Б., 2000. – 55 б.; КАЗЫБАЕВ П. Мезгил жана Алыкул. – Б.: Бийиктик, 2006. – 289 б.; ТЕНТИМИШЕВ М. Аны Алыкул деп аташкан: (Өлбөстүктүн отуз беш ирмеми). – Б.: Шуру, 2002. – 131 б.; АКПАРОВ Б. Аны Алыкул деп аташкан // Кыргыз Туусу. – 2006. – 29-31-авг. - №66. – Б. 16; АЛЫКУЛОВ Ж. Алп акындын ажары // Жаңы кылым. – 2006. – 21-март. - №21. – Б. 5.

Акыркы жаңыртуу ( 17.03.2011 )
 
< Мурдагы   Кийинки >